БЕЛ (Ноокат районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:25, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БЕЛ to БЕЛ (Ноокат районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Бел айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбо­ру Ноокат шаарынан 12 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 36 км. Ноокат – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1445 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4804 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, амбу­латория, дарыкана бар.