БАЙДАРКА
БАЙДАРКА - суу спорту м-н туризминде колдонулуучу ичке, жеңил кайык. Анын калагы кырына бекибейт, үстү люктуу палуба м-н жабылган, эки айчыктуу калак м-н айдалып, бут м-н башкарылуучу руль м-н бурулат. Байдарка спорттук, туристтик ж-а парустук болуп бөлүнөт. С п о р т т у к байдарка - палубасы жабык, 1, 2, 4 орундуу оюкчалары (кокпити) бар, эки айчыктуу калак м-н айдалуучу кайык. Спорттук байдарка жука фанерадан жасалып, салмагы 30 кг га жетет, толкунсуз тынч сууда жарышуу үчүн колдонулат. Т у р и с т т и к байдарканын тулку бүтүндүй же бүктөлмө түрүндө болуп, жыгач, темир ж-а пластмассадан жасалып, суу өткөрбөөчү материал м-н капталат. Туристтик байдарка спорттукка караганда салмактуу ( 27-50 кг), эндүү, сыйымдуу, жүк көтөрүмдүү. Байдарка ж-а каноэде сүзүү боюнча Эл аралык союзу түзүлгөн (1924). Спорттун бул түрү 1936- жылдан Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген, 1938-жылдан ар бир 4 жылда, ал эми 1971-жылдан дүйнөлүк ж-а Европанын чемпионаты жылыга өткөрүлөт. П а р у с т у к байдарка калак м-н айдалуучу түрүнөн парусу ж-а тез сүзүшү м-н айырмаланат. Байдарканын парустук түрү боюнча да спорттук мелдеш өткөрүлөт.