БЕЙШЕНАЛИЕВ Болот

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:53, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕНАЛИЕВ Болот (25. 6. 1935, Чүй облусу, Кемин району, Калмак-Ашуу кыштагы – 17. 11. 2001, Бишкек) – артист, киноактёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995), «Алтын көпүрө» (Казакстан) эл аралык сыйлыгынын лауреаты (2001). Кыр­гыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдындагы 2 жылдык студияны, А. Н. Островский атындагы Ташкен те­атр искусствосу институтун (1962) бүтүргөн.

«Кыргызфильм» киностудиясында режиссёр­дун ассистенти, актёр, Кыр­гыз мамлекеттик академиялык драма те­атрында (1970–1975), «Мос­фильм» киностудиясында (1976–1991), 1992-жылдан республликалык жаштар театрын­да эмгектенген. Бейшеналиев театрда жана кинодо көптөгөн ар кыл мүнөздөгү образдарды түзгөн. Театрда аткарган ролдору: Ассистент (Н. Хикмет, «Уну­тулган адам»), Дербиш (М. Карим, «Ай тутул­ган түндө»), Исабеков (Ч. Айтматов, К. Муха­меджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн») жана башкалар «Кыргыз фильм» студиясында тартылган кино ­фильмдерде Боз үйдүн ээси («Тайгак кечүү», 1964), Болот («Ак Мөөр», 1968), Касым («Саман­чынын жолу», 1967), Эркин («Көз кареги», 1975), Дүйшөн («Биринчи мугалим», 1965), Азизов («Ур­куя», 1970), Дубана («Манас ааламы», 1995), Карыя («Томого», 2001) жана башка образдарды жарат­кан. Он алты жыл «Мосфильм» киностудиясын­да иштеп, башкы жана эпизоддук ролдорду аткарган.

«Биринчи мугалим» фильминен көрүнүш. Дүйшөн – Б. Бейшеналиев, Алтынай – Н. Аринбасарова.


Белгилүү орус кинорежиссёру А. Тар­ковскийдин «Андрей Рублёв» кинофильминде хандын ролун ойногон (1967). Бейшеналиев 1991-жылы Кыргызста­нга кайтып келген. Жаңы заман жана келечек муун үчүн күрөш жүргүзгөн оптимисттик рухта­гы Дүйшөн, Миркамил сыяктуу революционер­лердин, тарыхта аты калган хандардын гана образдарын жаратпастан, согуш темасындагы фильмдерде аскер адамдарынын мүнөздөрүн да терең ачып берген. «Ташка баткан элестер» (режиссёру Ү. Ибрагимов, 1975) фильминде майдандан жа­радар болуп келген Эсенгелдинин образын көрүүчүлөргө ишенимдүү тартуулаган. «Гоби жана Хинган аркылуу» (режиссёру В. Ордынский, 1981) фильминдеги япон генералы Сиро Исси­нин, ашкере канкор адамдын ролун аткарган. Бейшеналиевдин чыгармачылыгы «Өзбек фильм» студиясы менен да байланыштуу: Каюм («Келгин куштар», 1966), комиссар М. Миршарапов («Кызыл кумдар», 1968), Качкын («Акыркы ок», 1973), Спаут («Абу Рейхан аль-Бируни», 1974) жана башкалар, ошондой эле «Казак­фильм» студиясында – Таир («Горизонттор», 1972), Ван («Ажыдаар жылы», 1981), Тыңчы («Даңазалуу Чокан», 1984), Бөжөй («Абай», 1990), Чыңгызхан («Отрардын кыйрашы», 1991), хан Эмир («Алардын эң назиги», 1996) жана башкалар, «Тажикфильм» студиясында Саттар («Унутта калган ашуу сыры», 1972), Мырзакул («Ганг таңы», 1976), Көз боочу («Ак илбирстер», 1984) жана башка образдарды жараткан. Ал Венгрия­нын «Мафильм», Чехословакиянын «Барран­дов», Германиянын «ДЕФА», ошондой эле «Бела­русфильм», «Довженко», «Молдовафильм», «Ленфильм», «Экран», «Свердловфильм», «Горь­кий», «Одесса» киностудияларында да киного тартылган. Бейшеналиев кинематографияга арнаган отуз жети жылдык өмүрүндө 100дөй кинодо кайта­лангыс образдарды жараткан. Монгол Респуб­ликасынын Достук ордени менен сыйланган.


Н. Жылдызова.