БЕКТУРСУНОВ
БЕКТУРСУНОВ Сүйүнтбек [20. 12. 1909, Олуя-Ата уезди, Кара-Суу болуштугу (азыркы Талас району, Үч-Кошой кыштагы) – 13. 6. 1962, Фрунзе] – котормочу, көркөм котормо чеберлеринин бири. Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн (1930), Кыргыз драма театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары болуп иштеген. Котормочулук иши 1931-жылдан башталган. А. Чеховдун «Аңгемелер» (1940), В. В. Бартольддун «Кыргыздар» (1943), Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» (1-том, 1949; 2-том, 1951; 3-том, 1954), «Аңгемелер жана жомоктор» (1953), «Жекшемби» (1956), «Тандалган чыгармалар» (1959) жана башкалар, М. Горькийдин пьеса, аңгемелерин, А. С. Пушкиндин «Капитан кызы» (1958), Майн Риддин «Башы жок чабандес» (1959), ошондой эле Л. Жариков, В. Маяковский, С. Улугзаде, С.Аксаков, Э. Распэ, П. Абрахамс, И. Соколов-Микитов, Н. Островский жана башка акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон. Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» эпопеясын которушу анын улуттук адабиятка кошкон зор салымы болгон. Ал В. Горячих менен бирдикте «Армансыз азаматтар» деген пьеса да жазган. «Кыргыз фильм» студиясында көптөгөн кинону кыргызчалаткан.