БЕЛ КУДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:41, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛ КУДА – бала төрөлө электе кудалашуу салты. Бири-бирине ымаласы жакын эки үй-бүлө өзүлөрүнүн жакындыгын күчөтүү максатында Бел куда болушкан. Сөөк жаңыртуу иретинде да кудалашкан. Балдар төрөлгөндө экөө тең кыз же эркек болсо, анда алар эки баланы достош­туруп коюшкан. Бири кыз, бири эркек болсо кудалашуусун улантышып, куда салтын жасаш­кан. Бел куда салты казактарда, ошондой эле Орто Азиянын башка элдеринде да кездешет.