БЕЛЕК (сыйлык, тартуу)
БЕЛЕК – сыйлык, тартуу. Байыртадан уз, усталардын асемделип, колго жасалган нускалуу буюмдары (кийим-кечек, буюм-тайым, сынпос ээр токум, камчы, кемер, чачпак, желбирөөч ж. б.), мал (күлүк ат, жорго) же көпчүлүктүн көз кырында турган баалуу нерселер калк кадырмандарына Белек катары тартууланып келген. Аны алган адам ыраазычылыгын билдирип, Белек тартуулаган адамга байлыгын, бардардыгын, жоомарттыгын, жол билгилигин көрсөтүп, ат, тай, тайлак, торпок, кой, чоң байлар короосуна кой салып, өрүшүнө мал айдап беришкен. Тойдо таякелерине мейманчылап келген жээндерди өзүнчө бөлүп, аларга атайын жээн табак уюштурушуп, Белек катары акча-тыйын, кийим-кече, мал ж. б. берген. Мындай салт адамдарды жакындатып, бири-биринин сырын билүүгө, ич ара жок нерсесине жардам берүүгө көмөк көрсөткөн, салтанаттуу чогулуштарда эмгек алдыңкыларына, жарышта, мелдеште жеңип чыккандарга сыйлык катары баалуу Белектер тапшырылган. Учурда майрамдарда, тойлордо, туулган күндө, базарлап келгенде ар кандай Белек берүү салтка айланып калды.