БАЛА САЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:01, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛА САЛУУ, а б о р т - бооз малдын өлүү туушу же түйүлдүктүн жатында куурашы. Бала салуу толук (түйүлдүк жатында өспөй өлөт), то­лук эмес (бир же бир нече түйүлдүк өспөй калып, калгандары нормалдуу туулат), байкал­баган (өспөй калган түйүлдүк жатындан түшпөй тону м-н кошо өсүп, билинбей кетет) болуп айыр­маланат. Түйүлдүк өлгөндөн 2-3 суткадан кийин түшөт, кээде түшпөй, жатында калып чи­рип (эмфизематоздуу түйүлдүк), бооз мал көбүнчө өлүмгө учурайт. Жугушсуз ж-а жугуштуу (ин­фекциялуу ж-а инвазиялуу) ылаңдан да бала салуу болот. Жугушсуз ылаңдын кесепетинен (бооз малдын жүрөк, боор, бөйрөк, өпкө ылаңынан) ж-а чириген сапатсыз тоюттан, ошондой эле ичин катуу уруп алуу, жыгылуу, оор жумушка чегүү, үркүү, жугуштуу ылаң м-н (паратиф, бруцеллёз, виб­риоз, трихомоноз, сальмонеллёз, сибирь жара­сы, шарп, туберкулёз) ылаңдаганда да болот. Айрым малдын жатынынын өсүп жетилбей калышы ж. б. себептерден да болуп, өнөкөт бала салуу деп аталат. Мындай мал өзүнчө бөлүнүп, мурда турган жери дезинфекцияланат, бала салуунун себе­би изилденет. Өлүү түшкөн козу, кулун, му­зоо ж. б. ветеринариялык лабораторияда изилденет; тоюттун сапаты текшерилет ж. б.


Ад.: Студенцов Л. П. Ветеринарное акушерство и гинекология. 3-е изд., М., 1961.