БЕЛ-КЫШТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛ-КЫШТАК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караш­туу. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 32 км түштүк- батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 7 км. Де­ңиз деңгээлинен 850 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1427 (2002); негизинен пахтачылыкта, тамекичи­ликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.