БЕЛ-КЫШТАК
БЕЛ-КЫШТАК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 32 км түштүк- батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 7 км. Деңиз деңгээлинен 850 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1794 (2022); негизинен пахтачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.