БАЛЬНЕОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬНЕОЛОГИЯ (лат. Ьаlпеиm - киринүү ж-а ...логия) - медицинанын минералдуу суулардын пайда болушун, физика-химиялык касиетин, ооруну дарылоо ж-а алдын алуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. Бальнеологиянын бальнеотехника, бальнеотерапия ж. б. тармак­тары бар. Минералдуу сууларда түрдүү туздар, газдар, радиоактивдүү ж. б. заттар болгондук­тан, алардын дарылык таасири ар түрдүү, ант­кени алардын дарылык касиети химиялык, температура­лык ж-а механикалык факторлоруна байланыштуу болот. Минералдуу суулар ваннага, душ, бассейн­ге түшүү, ичүү, кээ бир органдарды «сугаруу», ооз, тишти чайкоо, ингаляция ж. б. түрүндө колдонулат. Минералдуу суулар жүрөк-кан тамыр, нерв, боор, ичеги-карын, аялдын жы­ныс ооруларында, тери ооруларда кеңири пай­даланылат. Анткени, минералдуу суунун тааси­ринен кан м-н лимфанын кыймылы тездейт, зат алмашуу күчөйт, ички бездердин иштеши, маңыз чыгаруусу жакшырат. Минералдуу суу­ну колдонуу врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл.