ГРАН ЧАКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАН ЧА́КО (испанча grande – чоӊ, индейче – чако – аӊ уулоочу жер) – Түш. Американын борб. бөлүгүндөгү табигый аймак. 19° ж-а 30° түш. кеӊдиктердин аралыгында, негизинен Боливия, Парагвай, Аргентинанын аймагында. Рельефи түздүктүү, бийикт. чыгышында 50–70 м, батышында 500–600 мге чейин. Түндүгүнө субэкватордук, борб. бөлүгүнө тропиктик, түштүгүнө субтропиктик климат мүнөздүү; жайы нымдуу. Июлдун орт. темп-расы 12–21°С, январдыкы 26–30°С (максимуму 47°С; материктин эӊ ысык жери). Жылдык жаан-чачыны 500 ммден (түш.-батышында) 1200 ммге чейин (түн.-чыгышында). Дарыялары батышы м-н чыгышында (Парагвай, Парана) көп. Кургакчыл сейрек токой (кебрачо, альгарробо, гуаякан ж. б.) басымдуу; батышына ксерофит бадалдары мүнөздүү. Жаныбарлар дүйнөсү бай. Саздак, шор жерлер кездешет. Кой асыралат; пахта өстүрүлөт. Аргентинанын түн.-батышында нефть ж-а газ кендери бар.