БЕССМЕРТНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:04, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕССМЕ́РТНОВА Наталия Игоревна (19. 7. 1941-жылы туулган, Москва) – орус балет артисти, СССР эл артисти (1976). 1961-жылы Москва хореографиялык окуу жа­йын бүтүргөн. 1961–1995-жылдары Чоң театрда иштеген. Бийчинин романтикалык келбети жана өзгөчө музыкалуулугу айкалышып, сахнада каалгып учкан кыймыл-аракети менен көрктүү. Бессме көптөгөн башкы классикалык партияларды аткарган: Одетта – Одиллия, Маша, Аврора (П. И. Чай­ковский, «Аккуу көлү», «Щелкунчик», «Уйкуда­гы сулуу»), Китри, Никия (Л. Ф. Минкус, «Дон

А. К. Глазунов. «Раймонда» балети. Н.И.Бессмерт­нова Раймонданын партиясында.


Кихот», «Баядерка»), Жизель (А. Адан, «Жизель»), Ширин (А. Д. Меликов, «Сүйүү легенда­сы»), Анастасия (С. Прокофьев, «Иван Грозный), Валентина (А. Эшпай, «Ангара»; СССР мамлекеттик

сыйлыгы, 1977), Рита (Д. Шостакович, «Алтын кы­лым»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Лейли (С. Баласанян, «Лейли жана Межнун) жана башкалар. 1994–1995-жылдары Чоң театрда педагог, 1996-жыл­дан чет өлкөдө. «Ромео жана Жульетта» телеба­летине, телеэкрандаштырылган «Жизель» бале­тине, «Спартак» балет-кино фильмине тартыл­ган. Варнада өткөн дүйнөлүк балет артисттери­нин конкурсунда 1-сыйлыкты алган (1965). Ленин­дик сыйлыктын лауреаты (1986). Н. Жылдызова.