БЕССМЕРТНОВА
БЕССМЕ́РТНОВА Наталия Игоревна (19. 7. 1941-жылы туулган, Москва) – орус балет артисти, СССР эл артисти (1976). 1961-жылы Москва хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1961–1995-жылдары Чоң театрда иштеген. Бийчинин романтикалык келбети жана өзгөчө музыкалуулугу айкалышып, сахнада каалгып учкан кыймыл-аракети менен көрктүү. Бессмертнова көптөгөн башкы классикалык партияларды аткарган: Одетта – Одиллия, Маша, Аврора (П. И. Чайковский, «Аккуу көлү», «Щелкунчик», «Уйкудагы сулуу»), Китри, Никия (Л. Ф. Минкус, «Дон

Кихот», «Баядерка»), Жизель (А. Адан, «Жизель»), Ширин (А. Д. Меликов, «Сүйүү легендасы»), Анастасия (С. Прокофьев, «Иван Грозный), Валентина (А. Эшпай, «Ангара»; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1977),
Рита (Д. Шостакович, «Алтын кылым»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Лейли (С. Баласанян, «Лейли жана Межнун) жана башкалар. 1994–1995-жылдары Чоң театрда педагог, 1996-жылдан чет өлкөдө. «Ромео жана Жульетта» телебалетине, телеэкрандаштырылган «Жизель» балетине, «Спартак» балет-кино фильмине тартылган. Варнада өткөн дүйнөлүк балет артисттеринин конкурсунда 1-сыйлыкты алган (1965). Лениндик сыйлыктын лауреаты (1986). Н. Жылдызова.