БЕШИК
БЕШИК – наристени бөлөп, терметүүгө ылайыкталган, жыгачтан жасалган керебетче. Бешик бөбөктү аздек бакканга, денесин таза кармаганга, тез уктатканга бир кыйла ыңгайлуу. Ал Орто Азия, Казакстан, Кавказ, Иран, Афганстан, Индия калктарында илгертен бар. Көпчүлүк түрк тилдеринде «бешик» сөзүнүн болушу да Бешиктин байыркылыгын кыйыр далилдейт. Кыргызда илгери Бешик көчмөн турмушка ыңгайланып, жөнөкөй жасалган: билектей жоон бир кулач кайыңдан же талдан эки алкак ийилип, кургаганда алардын «буттарына» көзөнөк оюлган

жана көзөнөктөргө жарыш чабактар (таякчалар) бекитилген. Жарыш чабактарга узун туурасынан аркы-терки сызма тартылып, ага оюгу бар олпок, жалаяк төшөлгөн. Бөбөк булганбас үчүн олпоктун оюгуна шимек (койдун жото жилигинен же жыгачтан) коюлуп, алдында күлтүк кыстарылган. Бөлөөдө кыпчыктар (жаздыкчалар же бүктөлгөн чүпүрөктөр), боортколор (жазы сызмалар), чарчы ороолор колдонулган. Мындай Бешикти кыргыздар көчмөнчүлүк доордо урунуп келген. Ал терметүүгө ыңгайсыз болгон. Кийинчерээк кыргыздардын арасына атайын усталар тарабынан жасалган жорго Бешик тарай баштаган. Жорго Бешик тал же тыт жыгачынан жасалат. Узундугу 1–1,1 м, эни менен бийиктиги 0,5 м келет. Мындай Бешиктин астына сызмалардын ордуна туташ жука тактайчалар кагылып, күлтүк (тунуке, чопо, айнек идиш) үчүн гана тешик калтырылат; эки алкагы дого сымал ийилген жазы жыгач болот; бешиктин сабы же аркалыгы (үстүнкү терметкич жыгачы) жумуру жоон жыгачтан жасалат. Бешиктин эки таманына жыгач карскан (жаа сымал жыгач) ашталып, алар Бешиктин термелишин жеңилдетет. Жорго Бешиктин жыгачтары сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп, кооздолот. Баланын бөлөнүшү эки Бешикте тең бирдей. Бешиктин дагы бир сейрек учуроочу түрү – асма же жел Бешик. Ал керегелердин башына байланган аркандан жасалып, төмөн жагына бала жатканга ыңгайлуу орундук даярдалган.