БЕШИК ТОЙ
БЕШИК ТОЙ – наристени кундактан (атайын төшөкчө) чыгарып, бешикке салар күнү берилүүчү той. Бешик тойго айылдагылар, туугандары чакырылып, ошол жердеги кадырлуу байбичелер тарабынан баланы бешикке салуу жөрөлгөсү жасалган. Бул күнү боорсок бышырылып, мал союлуп, айыл-апага тамак берилген. Бешик тойго чакырылгандар белек-бечкегин ала келишип, баланы алкашып, анын бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмө чачышкан. Баланы бешикке саларда, арча менен ичи-сыртын аласташкан. Чогулгандар жакшы каалоо, баталарын берип тарашат.

