БЕШМАНТ
БЕШМАНТ – тизеге чейин жеткен, ичине пахта же жүн салынбай ичтелген жеңил тыш кийим. Топчуланма (аял сол, эркек оң жагынан), бели кымча, этеги кең, жакасы тик болуп тигилет. Бешмант кыргыздардан башка түрк, казак жана кавказ элдеринде да бар. Анын – жеңи узун Бешмант жана жеңи кыска Бешмант деген эки түрү белгилүү.