БИБЛИОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:17, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИБЛИОГРА́ФИЯ (грекче biblнon – китеп жана – гра­фия) – басма сөз жана кол жазма продукциялары жөнүндө маалыматтарды даярдап, таратуучу илимий-прак­тикалык тармак. Библиографияга чыгармалардын мазмунун ачуу, аларды атайын белгилери боюнча бөлүштүрүү, баяндоо, системага салуу, адабияттардын көрсөткүч­төрүн, тизмелерин, обзорлорун түзүү жана башкалар кирет.