БЕЛОКТУУ ТОЮТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:56, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛОКТУУ ТОЮТ , п р о т е и н д ү ү т о ю т – өсүмдүк ж-а жаныбардан алынган белоктуу (протеиндүү) мал азыгы. Протеин дан, акшак, улпак, шрот ж-а күнжарада көп болот. Көк тоюттагы – беде, эспарцет, соя, буурчак, жер буурчак ж-а кашкабеде ж. б-дагы протеин жо­горку сапаттуу, сиңимдүү келет. Тоюттун белок­туулугу чөптүн чабылган убактысына, даярдоо технологиясына, түрүнө ж-а сортуна байланыштуу болот. Гүл ачар алдында чабылган беденин 1 тоют бирдигинде 228 г, эспарцетте 186 г, ал эми буурчак данында 171 г, жер буурчакта 186 г, маш буурчакта 211 г, сояда 223 г сиңимдүү про­теин бар. Ачыткыда белок көп, ал – В тобунда­гы витаминдердин ж-а микроэлементтердин бу­лагы. Жаныбардан алынган тоют өсүмдүк тою­туна караганда белоктуулугу ж-а биологиялык баалуу­лугу м-н айырмаланып, алмаштырылгыс амин кислоталардын бардыгы болот. Мисалы, сөөк уну, сөөк­кан уну, балык уну протеинге, витаминдерге, минерал заттарга бай.