БЕЛ-САЗ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИГИ
БЕЛ-САЗ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИГИ – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктан ошол кылымдардын аягына чейинки мезгилге таандык көрүстөндөр. Кочкор районундагы Кара-Суу жана Кара-Саз айылдарынын түштүк тарабындагы дөбөдө жайгашкан. Булардын ичинен «муруттуу» деп аталган көрүстөндөр өзгөчө мааниге ээ. Көрүстөндүн күн чыгыш тарабында уй мүйүз сымал атайын тизилген таштардын негизинде аталган. Мындай эстеликтер Казакстандын борборунда, түштүгүндө кеңири белгилүү. Байыркы түрк доорундагы көрүстөндөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө маркумдун жанына минген атынын кошо көмүлгөн учурлары арбын. Алардын көпчүлүгү мурда эле казылып, буюм-тайымы уурдалган. Археологиялык казуу учурунда байыркы түрк дооруна мүнөздүү темир үзөңгүлөр табылып, калыбына келтирилген. Ал эми XI–XIV кылымдарга таандык көрүстөндөрдө аттын ордуна маркумдун бут жагына ат жабдыктары жайгаштырылган. Маркумдун жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша буюмдар кошо көмүлгөн. Мисалы, аялдын жанына чоң темир кайчы коюлса, коңшу көрүстөндөгү кыздын жанынан кичине кайчы табылган (ошондой эле кыздын баш жагында жана эки колунда 3 жез тыйын болгон). Ар бир маркумдун баш жагына койдун жото жилиги (чүкөлүү жилик) коюлган. Салтка айланган мындай жөрөлгө маркум болгон адамга тиги дүйнөдө күч берүүчү ишеним менен байланыштырылат. 1990-жылы археолог К. Ш. Табалдиев, 2002-жылы М. И. Москалев жана О. А. Солтобаев тарабынан изилденген.
К. Табалдиев.