БЕЛУ-ОРИЗОНТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́ЛУ-ОРИЗО́НТИ (Belo Horizonte) – Бразилия­нын түштүк-чыгышындагы шаар, Минас-Жерайс штатынын административдик борбору (1897). Калкы 2,3 млн (2022). Серра-ду-Эспиньясу тоосунун этегинде жайгашкан. Темир ж-а автомобиль жолдор тоо­му. Аэропорту бар. 1895-жылы негизделген, 20-к­ылымдын 2-жарымында бир нече асман тиреген үйлөр курулган. Собор, университеттер (католик, искусство ж. б.), штаттын филология академиясы, калк китеп­канасы, искусство сарайлары (кинотеатрлар, ки­тепканалар, сүрөт галереясы, театрлар ж. б.), тарых музейи бар. Ботаникалык бак уюшулуп, зоопарк иш­тейт. Өлкөнүн тоо кен өнөр жайынын (темир, марганец кенташтары, алтын, асыл таштар) бор­бору. Кара металлургия, электр-техника, текстиль, тамак-аш, химия, фармацевтика, полиграфия, бул­гаары-бут кийим өнөр жай ишканалары, шаар­дын айланасында «Фиат» автомобиль заводу иш­тейт. Белу-Оризонтиге жакын спорттук ж-а туристтик шаарча – Пампулья жайгашкан. Анда Сан-Фран­сиску чиркөөсү, казино, яхта-клуб, дансинг бар.