БЕЛУЖ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛУ́Ж ТИЛИ – негизинен Пакистан, Иран, Афганстан, Индия, Оман, Бириккен Араб Эми­раттарында ж-а КМШ өлкөлөрүндө жашаган бе­луждардын тили. Иран тилдеринин түндүк-батыш тобуна кирет. Ирандагы ж-а Пакистандагы бе­луждар адабий тил катары перс тилин колдо­нуп келишкен. Пакистан ж-а Афганстан белуж­дары араб графикасына негизделген жазууну пайдаланышат.