БИЛИНГВИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИНГВИ́ЗМ (би... жана латынча lingua – тил), кош тилдүүлүк – бир эле убакта эки тилди пайдалануу, эки тилде бирдей чыгарма жаза алуучулук. Мисалы, С. Айни тажик, өзбек тилдеринде жазган, Ч. Айтматов, М. Байжиев орус, кыргыз, Ю. Рытхэу орус, чукча, В. Санги орус, нивхи тилдеринде жазышат.