БИОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГРА́ФИЯ (био... жана ...графия), таржы­мал – 1) адам өмүрүнүн тарыхын жазуу; тары­хый, көркөм жана илимий проза жанры. Адабият­мтаанууда жазуучунун өмүр жолу жазылат. Бул же тигил акын же жазуучунун чыгармачылыгын изил­дөө ишинде, аны үйрөнүүдө өмүр баяндык фак­тылардын, турмуштук окуялардын мааниси чоң. Көптөгөн өлкөлөрдө «Өрнөктүү адамдардын өмү­рү» деген адабият сериясы чыгууда. Алардын ичин­де акын-жазуучулар да бар. Кийинки жылдары кыргыз адабиятында А. Осмоновдун, Ж. Турусбе­ковдун, М. Элебаевдин чыгармачылык өмүр жолуна К. Жусупов («Ыр сабындагы өмүр»), С. Бөлөк­баев («Биздин Жусуп» повести), О. Сооронов (Му­кай жөнүндө биографиялык мүнөздөгү чыгармала­ры) кайрылышты. Мамлекеттик жана коомдук ишмер­лер И. Раззаков, С. Ибраимов, Ж. Ибраимов, К.Оторбаев жана башкалар жөнүндө да биографиялык чыгар­малар жазылды; 2) адам өмүрү...