БЕЛЬМОНДО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЬМОНДО́ Жань Поль (9. 4. 1933-жылы туулган, Нёйи­сюр-Сен, Парижге жакын) – француз актёру, 1956-жылы Париж консерваториясын (Р. Жирар­дын драма классын) бүткөндөн кинодо. Ж. Л. Го­дардын «Акыркы дем» фильми (1960) менен дүйнөгө атагы тараган. Эркин манерадагы күлкү тартуулаган таланты, терең драмалык жөндөмү кино жылдызына зор чеберчилик, шык берди «Чочара», «Модерато кантабиле», «Баканооз», «Ууру», «Борсалино», «Ставиский», «Эң сонун», «Профессионал», «Тагдырдын тамашасы» жана башка фильмдерде ойногон. Бельмондо театр актёру жана продю­сер. 1992-жылдан Париждеги «Варьете» театры­нын кожоюну. Ардактуу легион ордени менен сый­ланган (1991).