БЕНЗOПИРЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:45, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЗOПИРЕ́Н20Н12) – полициклдик аромат­таштырылган көмүртек тобундагы зат; канце­рогендик касиетке ээ. Курчаган чөйрөнү активдүү булгоочу заттардын бири. Көбүнчө өнөр жайдын газ таштандыларында, автомобиль транспорту­нан бөлүнүп чыккан газдарда (айрыкча дизел­дик отун колдонулган кыймылдаткычтарда), ошондой эле иштетилген кыймылдаткыч майында ж-а чылым түтүнүндө ж. б. газдарда кездешет.

Атмосферага бөлүнүп чыккан таштанды газдар­дын салмагы Россиянын ж-а ага чектеш өлкө­лөрдүн аймактары боюнча жылына 127 т ны түзөт. Кара ж-а түстүү металлургия өнөр жайынан 40%, турак жайларды жылытуудан 26%, химиялык өнөр­ жайдан 16% бензопирен бөлүнүп чыгат. Англияда жылы­на 71 т, Германияда 83 т, Францияда 58 т, Россияда 70 т дан ашык өлчөмдөгү (айрыкча Братск, Красноярск, Новокузнецк ж. б. шаарлардын абасында) бензопирендин бөлүнүшү байкалууда.