БЕНЗИДИН
БЕНЗИДИ́Н , Н2N–C6H4–C6H4–NH2 – түссүз же саргыч түстөгү кристалл. Молекеулалык массасы 184,23; 60°Сден төмөнкү температурада суу эритмелеринде суунун 1 молекуласын кошуп алуу м-н кристаллданат, сууда начар, спиртте, эфирде жакшы эрийт. Бензидин уксус ж-а суюлтулган туз кислотасында туздарды пайда кылуу м-н эрийт. Мисалы, туз кислотасы монохлоргидратты С12Н12N2НСI пайда кылат. Бензидин гидроазобензолго минералдык кислоталарды таасир этип, изомерлөөдөн алынат. Бензидинди диазоттоодон алынган бис-диазобирикмелерден азобоёктор алынат. Ал канцерогендүү зат, анын абадагы концентрациясы 0,001 мг/лден ашпоосу керек.