БЕНЗИЛ СПИРТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЗИ́Л СПИРТИ, С6Н5СН2ОН – эң жөнөкөй ароматтык спирт; түссүз, жагымдуу жыттуу суюк­тук. Кайноо t 205,8°С; органикалык эриткичте, суюк аммиак м-н күкүрттүү ангидридде жакшы эрийт. Жара­тылышта кээ бир бальзамдардын, эфир майла­рынын курамында көп учурайт. Ал гидролиздөө жолу м-н хлордуу бензилден С6Н5СН2Cl же бензилацетаттан ж-а толдуолду окистендирүүдөн алынат. Бензил спирти ж-а анын эфирлери парфюмерия ж-а самын чыгарууда жагымдуу жыт берүүдө ж-а тамак-аш эссенциясын даярдоодо, лак, эриткич ж-а косметикалык зат катары колдонулат.