БЕНГАЛДЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНГАЛДЫКТАР – улут, Бангладештин ж-а Индиядагы Батыш Бенгалиянын негизги кал­кы. Непал, Бутан, Сингапур, Улуу Британия ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Жалпы саны 189,650 млн киши, анын ичинде Бангладеште 109,5 млн, Индия­да 80 млн (2000). Бенгал тилинде сүйлөшөт, хинди, урду, англис тилдери да кеңири тарал­ган. Бангладештеги Бенгалдыктар негизинен мусулман-сун-

Үйлөнүү тоюнда.

ниттер, ошондой эле индуисттер, Индияда болсо инду­исттер, мындан тышкары мусулман, жайны, христиандар да бар. 8–13-кылымдарда Бенгалия айма­гында Пал династиясы, кийин Сен династиясы

үстөмдүк кылган күчтүү мамлекеттин пайда бо­лушу Бенгалдыктардын консолидацияланышына түрткү берген. 13-кылымда Бенгалдыктар мусулмандар башкарган Дели султандыгына караган. 16-кылымда Улуу Моголдор­дун бийлиги астында болгон. Ушул мезгилде Бенгалдыктарда ислам дини кеңири жайылган. Бенгалдыктар 18-кылымда англиялык Ост-Индия компаниясына баш ийген. 1947-жылы Батыш Бенгалдыктар (индус элдери м-н) Индияга, Чыгыш Бенгалдыктар (мусулман элдери м-н) Пакистанга өткөн. 1971-жылы Пакистандагы Бенгалдыктардын боштондук кыймылынын натыйжасында көз каранды эмес Бангладеш мамлекети түзүлгөн. Бенгалдыктар дыйканчы­лык м-н кесип кылышат. Негизинен күрүч, ошондой эле буурчак, май өсүмдүктөрү, бал камыш, чай өстүрүшөт. Бамбук же жыгачтан тургузулган, ошондой эле ылайдан сокмо м-н салынган, бир бөл­мөлүү үйлөрдө жашашат. Аялдар сари ж-а кыс­ка кофта кийип, ислам дининдегилер көчөдө паранжы же чадра жамынат. Эркектер башына чалма (индустар), мусулмандар тегерек калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен күрүч, чанак­туу өсүмдүктөр, жашылча, балык. Эт азыкта­рын сейрек пайдаланышат.