БЕНИ-СУЭЙФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́НИ-СУЭЙФ – Египеттин түндүк бөлүгүндөгү шаар. Бени-Суэйф мухафазасынын административдик борбору. Кал­кы 189,6 миң (2005). Өлкөнүн Нил дарыясынын сол жээгине жайгашкан ири порту. Жолдор тоому. Б. з. ч. 22-кылымдан белгилүү. Айыл чарба продуктуларын (пахта, бал камыш, дан эгиндери, курма) соода­лоонун борбору. Тамак-аш, жеңил (анын и.чинде пахта тазалоочу) өнөр жайлары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн.