БЕРИЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ
БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ – техника м-н экономиканын өнүгүшүнүн учурдагы деңгээлине ылайык, курамында казып алууга жарамдуу өлчөмдө бериллий металлы бар тоо тектер же минералдардын чогундусу. Бериллий металлы кенташта (рудада) көбүнчө минералдар түрүндө, кээде тоо тектердин курамында изоморфтук аралашма катары болот. Бериллий кенташтарын түзүүчү бериллийдин негизги минералдары: берилл (курамында ВеО 10–12%), фенакит (42–45%), бертрандит (40–42%), гельбертрандит (32–35%), хризоберилл (10–20%), гельвин ж-а гентгельвин (10– 12%). Бериллий кенташтарынын кендери гранит ж-а субжегичтүү гранитоид интрузиялары м-н байланышып, негизинен постмагмалык процесстерден пайда болот. Алар бериллийлүү гранит пегматиттер (0,05–0,09% ВеО), гельвиндүү ж-а хризобериллдүү скарндар (0,1–0,15%), бериллийлүү грейзендер м-н кварц тарамдары (0,1–0,15%) ж. б. сыяктуу өнөр жайлык маанидеги бир нече типке бөлүнөт. Кендери Орто Азия, Казакстан, АКШ, Колумбия, Бразилия, Түштүк Африка Республикасында ж. б. жерлерде бар.