БЕРЛИН ДУБАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 3 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРЛИ́Н ДУБАЛЫ – Батыш жана Чыгыш Бер­линди бөлүп келген дубал. 1949-жылы Германия­нын аймагында эки мамлекеттин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) жана Германия Демократиялык Республикасынын (ГДР) түзүлүшү менен Батыш Берлин ГДРдин аймагындагы анклавга айлан­ган. ГДРдеги тоталитардык режимге нааразы болгон немистер Чыгыш Берлинден Батыш Бер­линге, андан ары ГФРге өтүп кетүүгө аракетте­нишип, 1945–1961-жылдар аралыгында 3 млндон ашык адам эмиграцияга кеткен. Берлин дубалы 1961-жылы Берлин кризисинин учурунда Германия Демократиялык Республикасы тарабынан тургузулган жана катуу кайтарууга алынган. Германия Демократиялык Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын биригүүсүнөн (3. 10. 1990) кийин, Берлин дубалы өз маанисин жоготкон жана 1991-жылы толугу менен алынып салынган.