БЕРЦЕЛИУС
БЕРЦЕЛИУС́ Йёнс Якоб (20. 8. 1779, Веверсунда – 7. 8. 1848, Стокгольм) – швед химиги ж-а минералогу. Упсал университетинде медицина боюнча доктор наамына ээ болгон (1802). Стокгольм ИАнын мүчөсү (1807). 1820-жылдан Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү. Берцелиустун атомистиканы тажрыйбада далилдеп, аны өркүндөтүп, химияга киргизиши чоң ийгилик болуп саналат. Элементтердин атомдк массасынын таблицасын түзүп, грекче же латынча аттарынын башкы тамгалары м-н белгилөөнү сунуш кылган; 2000ге жакын бирикменин проценттик курамын изилдеп чыккан. 1810– 16-ж. эселик катыш законун ачып, органикалык бирикмелердин курамы ал законго баш ийерин далилдеген. 1815-ж. кээ бир органикалык кислоталардын биринчи формуласын жазган. Курамы бирдей, касиеттери түрдүү органикалык бирикмелерди изомерлер деп атаган. Гизингер м-н бирге түрдүү минералдарды, кендерди изилдеп, церий, селен, торийди, 1824–25-ж. 1-жолу эркин абалдагы кремний, титан, тантал ж-а цирконийди алган. Атом жөнүндөгү окууну негиздеп, өнүктүрүүдө анын эмгеги зор.