БЕТТЕР ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 4 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТЕР ТЕОРИЯСЫ – дифференциалдык геомет­риянын беттердин касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Беттер теориясында беттин формасы, ийилиши, андагы түрдүү сызыктардын касиеттери, ошондой эле 2-тартиптеги бет, буралма бет, геликоид, ал эми ж. б. у. с. беттер изилденет. Аффиндик Беттер теориясы көлөмдү сактоочу аффиндик (эквиаффиндик) өзгөртүүлөрдө өзгөрбөөчү беттердин касиеттерин, ал эми проекциялык Беттер теориясында беттердин проек­циялуу инварианттык касиеттери каралат. 19-кылымдын аягында Беттер теориясында регулярдуу беттер гана каралса, 20-кылымдын башынан тарта Беттер теориясынын бир нече изилдөө багыттары бар, изилденүүчү бет­тин касиеттери (мисалы, томпоктугун) эске алы­нат. Ошондой эле дифференциалдык геометриядагыдай беттин кичине бөлүгү эмес, бүтүндөй бет эсепте­лет. Беттер теориясында беттин топол. структурасын кароо маанилүү ролду ойнойт. Көп өлчөмдүү мейкин­диктин дифференциалдык геометриясы, эллип­стик мейкиндик, Лобачевский мейкиндиги боюнча изилдөөлөр бул мейкиндиктердеги Беттер теориясына кир­ген бир катар геометриялык фактыларды аныктайт.

Ад.: Рашевский П. К. Курс дифференциальной геометрии. М., 1956; Норден А. П. Теория поверх­ностей. М., 1956.

Б. Э. Канетов.