БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР
БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР – фазалардын ортосундагы бетте адсорбцияланууга жөндөмдүү ж-а анын натыйжасында алардын беттик энергиясын (беттик тартылуусун) азайтуучу заттар. Молекулалары уюлдуу гидрофилдүү топтору м-н бирге углеводород радикалдары бар көпчүлүк органикалык бирикмелердин суудагы эритмелери ушундай касиетке ээ. Аларга гомол. катардын молекуласында көмүр тектин 12–18 атому бар бирикмелер тиешелүү. Өтө маанилүү ж-а көп колдонулуучу, беттик активдүүлүгү жогору заттарга органикалык заттар кирет. Алардын суудагы эритмелери коллоиддик мүнөздө. Текстиль өндүрүшүндө, айыл чарбасында, нефтини изилдөөдө ж-а кайра иштетүүдө, тоо кен иштеринде кен байытууда, бетон ж-а курулуш материалдарын алууда, металлдарды, пластмассаларды иштетүү технологиясында ж. б. техникалык маанилүү дисперстик системаларды алууда колдонулат.