БЕТТИК БАСЫМ
БЕТТИК БАСЫМ , э к и ө л ч ө м д ү ү б ас ы м – суюктук бетинин таза бөлүгүн, анын беттик активдүү заттар адсорбцияланган бөлүгүнөн ажыратып туруучу чегинин узундук бирдигине аракет этүүчү күч. Ал таза суюктуктун бетине карай бөлүп туруучу чекке перпендикуляр багытталган. Беттик басым таза суюктук м-н адсорбцияланган катмары бар суюктуктун беттик тартылышынын айырмасы аркылуу аныкталат.