БЕТТИК НАТЫЙЖА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 4 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИК НАТЫЙЖА , с к и н-э ф ф е к т – өзгөрмө электр тогунун ж-а аны м-н байланыштагы электр-магниттик талаанын өткөргүчтүн же магниттик агымдын магнит өткөргүчүнүн туу­расынан кесилиши боюнча тегиз эмес бөлүштүрү­лүшү. Кыйла жогорку жыштыкта ток негизи­нен өткөргүчтүн беттик жука катмарында (скин­катмарда) агып өтөт ж-а тереңинде дээрлик өт­пөйт. Ток тыгыздыгы магнит өткөргүчтүн же ток өткөргүчтүн бетинен анын борбордук бөлүгү көздөй азаят. Бир калыпта эместик даражасы токтун же магнит агымынын жыштыгынын өсүшү, зым­дын кесилиш аянтынын чоңоюшу, материал­дын ток өткөрүүчүлүгү же магнит өткөрүмдүүлүгү көбөйгөн сайын жогорулайт. Беттик натыйжа турактуу токко салыштырмалуу өзгөрмө токко өткөргүч­түн каршылыгынын чоңоюшуна алып келет.