БЕТХОВЕН
БЕТХО́ВЕН Людвиг ван (17. 12. 1770, Бонн –3. 1827, Вена) – немис композитору, пианист жана дирижёр. Чоң атасы Бонндогу Ак сарай капелласынын жетекчиси, атасы ырчы болгон.

Бетховен 12 жашынан музыка жаза баштаган. Венага келген соң (1792) тез эле пианист-төкмө катары даңкы чыгат. Венадагы алгачкы он жылдын ичинде Биринчи жана Экинчи симфонияны, 6 квартет, фортепьяно үчүн соната жана башка чыгармаларды жаратат. 1804-жылы Үчүнчү («Баатырдык»), Төртүнчү (1806), дүйнөгө атагы кеткен Бешинчи жана Алтынчы симфонияларды (1808), фортепьяно үчүн айтылуу № 21 («Аврора») жана № 23 («Аппасионата») сонаталарды, «Фиделио» операсын, Гётенин «Эгмонт» трагедиясына музыка (1810), Жетинчи жана Сегизинчи симфонияны жазган. Кийинки мезгилде жазган чыгармаларынын шедеври – Тогузунчу симфониясы 1824-жылы 7-майда 1-жолу аткарылган. Бетховендин чыгармалары ушул кезге чейин дүйнөлүк музыканын өсүшүнө зор таасир тийгизип келе жатат.
Ад.: Альшванг А. А. Людвиг ван Бетховен. Очерк жизни и творчества. 5-изд. М., 1977.