БИОГЕНДЕР
БИОГЕНДЕР , б и о г е н д и к э л е м е н т т е р, б и о г е н д и к з а т т а р – 1) тирүү организимдердин курамында дайыма болуп, белгилүү бир
биологи ялык кызмат аткаруучу ж-а алардын тиричилиги үчүн өтө керектүү химиялык элементтер. Манилүү биогендер кычкылтек, көмүртек, суутек, азот,күкүрт, кальций, калий, натрий ж. б.; 2) тирүү организмдердин тиричилиги бүткөндөн кийин толук ажырап, минералга айланбаган, бирок топурактын кунардуулугун жогорулатуучу касиети бар заттар; 3) тирүү организм калдыктарынан пайда болгон биологиялык активдүү заттар (биолиндер, фитонциддер ж. б.); 4) жаныбарлар м-н өсүмдүктүн денесинде белгилүү бир жагдайда пайда болуп, алардын өсүүсүн, дем алуусун тездетүүчү заттар – биостимуляторлор. Мал чарбасында биостимуляторлор малдын создуккан ылаңдарын (экзема, кысыр калуу, мастит ж. б.) дарылоо үчүн колдонулат.