БЕЧЕЛОВА
БЕЧЕЛОВА Турсун (1898, Бишкек уезди, Кызыл-Суу кыштагы – 1981, Бишкек) – Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин саясий үгүт иштерин жүргүзүүнү уюштурган алгачкы кыргыз

аялдарынын бири. 1916- жылдан Бишкек, Сокулуктагы соодагерлерге жалданып иштеген. 1918-жылы Бишкектеги «Эмгекчи аялдар союзуна» кирген, 1919–20-жылдарда Ташкендеги партиялык-советтик мектептен окуган. Аны бүткөндөн кийин Бишкек, Токмок шаарларында аялдар ишин уюштурууга катышкан (1924); Нарын, Бишкек шаарларында аялдар арасында иштөө боюнча инструктор, кийин Ош, Бишкек шаарларынын ишканаларында иштеген. 1945-жылдан республикалык маанидеги пенсияга чыккан.