БИОГЕНЕЗ ЗАКОНУ
БИОГЕНЕЗДИК ЗАКОН́КОНУ – организмдин филогенези м-н онтогенезинин ортосундагы байланыштарды жалпылоочу эмпирикалык корутунду; организмдин жеке өөрчүү (онтогенез) процессинде бул түрдүн эволюциясынын (филогенез) кыска ж-а ылдам кайталанышы. Филогенездин негизги этаптары онтогенезде кайталанат. Мисалы, адамдын эмбриондук өнүгүшү эволюциянын бардык баскычтарын басып өтөт. Аны 1866-ж. Э. Геккель ачкан. Бирок, филогенез м-н онтогенездин өз ара байланышы жөнүндөгү проблема Ч. Дарвиндин эволюциялык илиминде кеңири изилденген. Бул законго каршы чыккандар аны механизм, витализм көз карашында түшүндүрүп, биротоло танууга чейин барышкан. Ал эми дарвинчилер анын мазмунун тереңдетип, кээ бир өксүк жактарын түзөтүүгө аракет кылышкан. А. Н. Северцовдун филэмбриогенез теориясында гана чыныгы илимий түшүнүк берилген. Советтик илимпоз И. И. Шмальгаузендин концепциясы организмдин өнүгүү тарыхын анын жекече өнүгүшү м-н кошо карайт. Бул болсо Биогенездик законду тереңирээк билүүгө түрткү берген. Эмбриологияда, салыштырмалуу анатомияда ж-а палеонтологияда эволюциялык изилдөөлөр үчүн бул закондун мааниси чоң. Биогенездик закон жөнөкөйдөн татаалга карай сапатту өнүгүү мыйзамдарынын ж-а эволюциялык теориянын табигый-илимий негизи бар экенин ырастады.
Ад.: Кайданов Л. З. Генетика популяций. М., 1996; Шварц С. С. Экологические закономерности эволюции. М., 1980.
Г. Шаршеналиева.