БИОГЕНЕЗ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 5 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕНЕЗДИК ЗАКОН́КУУУ – организмдин фило­генези м-н онтогенезинин ортосундагы байла­ныштарды жалпылоочу эмпирикалык корутун­ду; организмдин жеке өөрчүү (онтогенез) процес­синде бул түрдүн эволюциясынын (филогенез) кыска ж-а ылдам кайталанышы. Филогенездин негизги этаптары онтогенезде кайталанат. Мисалы, адамдын эмбриондук өнүгүшү эволюциянын бар­дык баскычтарын басып өтөт. Аны 1866-ж. Э. Геккель ачкан. Бирок, филогенез м-н онтоге­нездин өз ара байланышы жөнүндөгү проблема Ч. Дарвиндин эволюциялык илиминде кеңири изилденген. Бул законго каршы чыккандар аны механизм, витализм көз карашында түшүндүрүп, биротоло танууга чейин барышкан. Ал эми дарвинчилер анын мазмунун тереңдетип, кээ бир өксүк жак­тарын түзөтүүгө аракет кылышкан. А. Н. Се­верцовдун филэмбриогенез теориясында гана чыныгы илимий түшүнүк берилген. Советтик илимпоз И. И. Шмальгаузендин концепциясы организм­дин өнүгүү тарыхын анын жекече өнүгүшү м-н кошо карайт. Бул болсо Биогенездик законду тереңирээк билүүгө түрткү берген. Эмбриологияда, салыш­тырмалуу анатомияда ж-а палеонтологияда эволюциялык изилдөөлөр үчүн бул закондун мааниси чоң. Биогенездик закон жөнөкөйдөн татаалга карай сапатту өнүгүү мыйзамдарынын ж-а эволюциялык теориянын та­бигый-илимий негизи бар экенин ырастады.

Ад.: Кайданов Л. З. Генетика популяций. М., 1996; Шварц С. С. Экологические закономерности эволюции. М., 1980.

Г. Шаршеналиева.