БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:33, 5 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУ́РА (лат. binarius – кош) – өсүмдүк, жаныбар, микроорганизм түрлө­рүнүн эки сөз м-н аталышы. Аны швед окумуш­туусу К. Линней киргизген (1753). Өсүмдүктөргө ботаникалык ат коюу жөнүндө атайын эреже иштелип чык­кан ж-а мезгили м-н Эл аралык ботаникалык конгрессте каралып турат. Түрдүн аты эки сөз м-н (уруусу ж-а түрү) латын тилинде берилет. Бул номен­клатура таксономиялык маалыматты так бе­рип, колдонууга оңой болгондуктан, азыркыга чейин кеңири колдонулат.