БЕШ-АРАЛ КОРУГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 5 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-АРАЛ КОРУГУ – жаныбарлары коргоого алынган аймак. Чаткал тоосунун түндүк-батыш капталында, Терс суусунун алабында жайгаш­кан. 1979-жылы Батыш Теңир-Тоонун көптөгөн сей­рек ж-а жоголуп бараткан жаныбарларын, ай­рыкча бүткүл дүйнөлүк Кызыл китепке каттал­ган мензбир суурун сактоо максатында уюшул­ган. Аянты 116,7 миң га. Корук деңиз деңгээлинен 950– 2300 м бийиктикте жайгашкан. Чаткал өрөө­нүнүн төр жагы акырындап кууш капчыгайга, анан кенен төрлөргө өтөт. Орто бөлүгү тектирлүү түздүк; төмөн жагы шаңшаар. Тоо капталдары капчыгайлуу. Өрөөн аркылуу Чаткал суусу агат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы –13,5°С, июлдуку 16,7°С. Жыл­дык жаан-чачыны 250–700 мм. Жарым чөл, кур­гак талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадал аралаш шалбаалуу талаа, сейрек арча токою, субальп (2000–3500 м) ж-а альп шалбаасы, гля­циалдык-нивалдык ландшафт алкактары мү­нөздүү. Коруктун аймагына саванна сымал ж-а дүңгөлүү талаа ландшафты, түрдүү чөптүү шал­баа мүнөздүү. Токой ж-а сейрек токой массивде­ри 30 миң гадай жерди ээлейт. Өсүмдүктүн 300гө жакын түрү бар, анын 30у чанда кездешүүчү­лөрдөн. Талааларда аюу чач, шашыр ж. б. ба­сымдуу. Жоогазын, шыбак, пскем пиязы, че­кенде, кызылот, кымыздык ж. б. да өсөт. Да­рак өсүмдүктөрдөн арча, карагай (Каратокодо), бадалдардан мисте, Чаткал дарыясынын ж-а анын куй­маларынын жайылмаларында терек, тал, ка­йың, бөрү карагат, ит мурун, табылгы, изирик, долоно, шилби, ыргай, чычырканак ж. б. кезде­шет. Өрөөндүн төмөн жагында (батышында) жаңгак, алма, алча, айвансари токою бар. Тоо капталдарын бетеге, ак кылкан ж. б. талаа өсүм­дүктөрү ээлейт. Корук аймагындагы өсүмдүк­төрдүн айрым түрлөрү – арум, илария, кулун­чак, жоогазын, пскем пиязы, гирча ж. б. мур­дагы СССРдин Кызыл китебине катталган. Жа­ныбарлар дүйнөсүнө бай. Мында түлкү, аркар, тоо эчки, элик, кашкулак, кара суур, карыш­кыр, күрөң аюу, кундуз, илбирс, суусар, суу­күсөн, мадыл мекендейт. Канаттуулардан бүр­күт, бакачы куш, ылаачын, ителги, жору да бар. Алардын баары Кызыл китепке катталган. Ко­рук 7 токойчулук аймагына (Кара-Кулжа, Баш­кы-Терек, Чаткал, Кең-Булуң, Ак-Таш, Беш-Арал, Араб) бөлүнгөн. Ар бири өз аймагын коруйт.

А. Осмонов.