БИОЛОГИЯ
БИОЛО́ГИЯ (био... ж-а ...логия) – тирүү жаратылыш жөнүндөгү илимдер жыйындысы. Биология тиричиликтин бардык кубулуштарын, организмдин түзүлүшүн ж-а функциясын, таралышын, келип чыгышын, өөрчүшүн, бири-бири м-н жансыз табиятка болгон байланышын изилдейт ж-а үйрөтөт. Биология нын негизги максаты – бул кубулуштардын закон ченемин үйрөнүү, тиричиликтин негизин аныктоо, тирүү организмдерди системага келтирүү, өсүмдүк ж-а жаныбарлар байлыгын тейлөө, ар түрдүү тиричилик формаларынын пайда болуу ж-а өөрчүү закон ченемдерин үйрөнүү, жаратылышты адамдын керектөөсүнө жараша өзгөртүү. «Биология» терминин 1802-ж. франсуз илимпозу Ж. Б. Ламарк ж-а немис илимпозу Г. Р. Тревиранус сунуш кылган. Швед биологу Карл Линнейдин «Табият систематикасы» (1735) деген эмгегинде өсүмдүк ж-а жаныбар түрлөрү классификацияланган. 1839-ж. немис илимпозу Т. Шванн клетка теориясын ачкан. Ал организмдин түзүлүшү клеткалардан тургандыгын далилдеген. Ч. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгышы» (1859) аттуу эмгегинде жаныбар м-н өсүмдүк түрүнүн өзгөрүшүн ж-а жаңы түрдүн келип чыгышын аныктаган. Биологиянын өсүшүнө И. В. Мичуриндин окуусу, И. П. Павловдун жогорку нерв системасынын иши жөнүндүгө эмгектери негиз болду. Тиричиликтин татаал көрүнүштөрү ж-а кубулуштары ар түрдүү шарттарда биологиянын алдына ар кандай максаттарды коюп, аны жаңы биологиялык объекттерди изилдөөгө түрттү. Табияттагы тиричилик жөнүндө илим кеңейип отуруп, анын жаңы тармактарын пайда кылды. Биологияда биринчилерден болуп жаныбарлар жүнөндөгү зоология, өсүмдүктөр жөнүндөгү ботаника, ошондой эле адамдын анатомиясы ж-а физиологиясы бөлүмдөрү пайда болгон. Биология изилдөө объектисине карата да бөлүнөт. Микроорганизмдерди микробиология, сууда жашоочу организмдерди гидробиология изилдейт. Ар бир организм өзүнө мүнөздүү сырткы түзүлүшү ж-а тиричилигинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Алардын түзүлүшүн ж-а формасын морфология үйрөтсө, функциясынын закон ченемин физиология илими изилдейт. Өсүмдүк морфологиясы – өсүмдүктөрдүн формаларын, пайда болуу процессин, сырткы түзүлүшүн; өсүмдүктөрдүн анатомиясы – өсүмдүктүн микроскоптук ички түзүлүшүн; адамдын ж-а жаныбар анатомиясы – жаныбардын, адамдын түзүлүшүн, формасын; жаныбардын салыштырма анатомиясы – ар түрдүү типке кирген жаныбардын органдар системасын бири бирине салыштырып карайт; гистология – жаныбар ж-а адамдын ткань түзүлүшүн; эмбриология – түйүлдүктүн өөрчүшүн; цитология – жаныбар ж-а өсүмдүктүн клеткасын; палеонтология тукум курут болгон организм ж-а өсүмдүк калдыктарын изилдейт. Зоология өз кезегинде териология (сүт эмүүчүлөр), орнитология (куштар), ихтиология (балыктар), энтомология (курт-кумурска) ж. б. илимдерге бөлүнөт. Ошондой эле ботаникада альгология – балырлар, микология – козу карындар, бриология – мамык чөптөр жөнүндөгү тармактарга айырмаланат. Жаныбарлардын жүрүм-турумун – этология, тукум куугучтук ж-а өзгөргүчтүк закон ченемин – генетика, өөрчүү тарыхын эволюциялык окуу изилдейт. 20-к-да жаңы биологиялык тармактар ж-а багыттар – радиобиология, космос биологиясы, эмгек физиологиясы ж. б. пайда болду. Азыркы учурда электрондук микроскопия, спектрометриялык, оптикалык, биологиялык структуралардын рентген анализи ж. б. методдор тиричиликтин негизи болгон клеткалардын белокторун изилдөөгө жетишти. Өсүмдүк, жаныбарлардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн ж-а генетика, селекция закондорун билүү агротехника м-н зоотехниканы жакшыртуу жогорку түшүмдүү өсүмдүк сортторун, жаныбар породаларын чыгарууга мүмкүндүк берет. Биохимиялык изилдөөлөр өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган органикалык заттарды толук пайдаланууга ж-а аларды лабораторияда ж-а өнөр жайда синтездөөгө мүмкүндүк түзөт. Гендик инженериянын өсүшү биологиялык активдүү ж-а дары заттарынын биотехнологиясына кеңири жол ачты. Оору козгоочу вирустар, бактериялар ж-а мите организмдердин көбөйүү, таралуу закон ченемин билүү адамдын, жаныбарлардын жугуштуу ж-а мите ооруларына каршы күрөшүүдө чоң мааниге ээ болду.
Ад.: История биологии с древнейших времён до начало XX в. М., 1972; Вилли К., Детье В. Биология / Пер. с англ. М. 1974. Шерматов С. М., Биологиянын негиздери. Б., 2002; Биология. Энциклопедиялык окуу куралы. Б., 2003.
Б. Т. Бегалиева.
'