БЕШБЕЛЧИР-АРАШАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 5 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШБЕЛЧИР-АРАШАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга жарамдуу жылуу булактар. Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Нарын шаарынан 90 км, Ат-Башы кыштагынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта, Ат-Башы кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңгээлинен 3300 м бийиктикте. Булактар жергиликтүү элге илгертен белгилүү болсо да, алар жөнүндө алгачкы геологиялык маалымат 1920-жылы берилген. Суу девон мез­гилинде пайда болгон акиташ тоо тек катмар­ларынан чыгып, бири биринен 30 км аралыкта жайгашкан эки кайнар булактан турат. Дары­лоочу негизги табигый фактору – көмүр кыч­кыл газдуу (СО2–0,44–1,3 г/л), гидро карбонат­ натрий-кальцийлүү суу (минералдануусу 3,5 г/л, температурасы 20°С); суткалык дебити 436 м3. Суу­ну ичүүгө ж-а ичеги-карын, бөйрөк ооруларын дарылоого болот. Суусу дарылануу үчүн ж-а суу­сундук катары «Арашан» деген ат м-н бөтөл­көгө куюлуп алынат.