БЕШ-МОЙНОК
БЕШ-МОЙНОК – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Барпы айыл өкмөтүнө караштуу. Чаңгетсай суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 790 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 21 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 13 км. Калкы 1624 (2022); негизинен тамекичиликте ж-а пахтачылыкта эмгектенет.