БЕШТАШ АШУУСУ
БЕШ-ТАШ АШУУСУ Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгышында, Беш-Таш өрөөнүндөгү Коргон-Шанык суусунун оң куймасынын төрүндө жайгашкан. Бийиктиги 3578 м. Шанык (3533 м), Коргон-Шанык (3425 м) ашуулары катарлаш жатат. Айрым тоо чокулары деңиз деңгээлинен 3969 мге чейин көтөрүлөт. Аймакта рифейдин биотиттүү гранит, гранитдиорит, алардын үстүндө татаал түзүлүштөгү девон-карбон мезгилинде жиреп чыккан андезит, базальт, порфирит интрузиялары, кумдук, конгломерат акиташ тектери жатат. Ашууга 1948–50-жылдарда Талас ж-а Токтогул райондорун байланыштыруучу автомобиль жолу салынган. Экинчи «кой жол» Түштүк Беш-Таштын төрүнөн чыгышты көздөй этектеп, Ак-Талаа өрөөнүнүн төрүн басып, 3212 м бийиктиктеги Арым ашуусун ашып, Арым ж-а Чычкан өрөөндөрүнө түшөт.