БЕШТАШ КӨЛҮ
БЕШ-ТАШ КӨЛҮ – Талас Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Беш-Таш капчыгайында деңиз деңгээлинен 3008 м бийиктикте жайгашкан көл. Аянты 0,54 км2, орточо тереңдиги 13 м, эң терең жери 28 м. Узундугу 1200 м, туурасы эң жазы жеринде 600– 700 м. Суунун көлөмү 6,6 млн м3. Жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда болгон. Суусу тунук, мөңгү ж-а булак сууларынан толукталат. Июнь–июлда деңгээли 1–2 мге чейин көтөрүлүп, сентябрь–майда кайра бөксөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (жилингир, алабуга, севан жилингири) бар. Көлдөн Беш-Таш суусу агып чыгат. Көлдүн тегереги, айрыкча андан төмөнүрөөк, Беш-Таш суусунун сол жээгинде жайгашкан эки чакан көлдүн ландшафты өтө кооз. Рекреациялык мааниси зор.