БЕШ-ТАШ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 6 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БЕШТАШ ШААР КАЛДЫГЫ to БЕШ-ТАШ ШААР КАЛДЫГЫ) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-ТАШ ШААР КАЛДЫГЫ – 10–12-кылымдарга таан­дык шаардын урандысы. Талас облусунун Талас районундагы Беш-Таш капчыгайында жайгашкан. Археологиялык табылгалары боюнча Беш-Таш шаар калдыгы 3кө бөлүнөт. 1-шаар калдыгы Козучак айылынан 0,7 км түштүктө жайгашып, 120x165 м аянтты ээлейт. Шаарды курчаган дубалдын бийиктиги 3 м. Дубал­дары мунара м-н бекемделген. Түштүк-чыгыш ж-а түндүк-чыгыш жагында эки дарбаза курулган. Чыгыш бурчунда 36x50 м аянтта цитадель жай­гашкан. 2-шаар калдыгы 2 бөлүктөн турат. Кур­чалган бөлүгү тик бурчтуу планда. Дарбазасы чыгыш бөлүгүндө. Түштүк-чыгыш бөлүгүндө 10x12 м келген курулуштун изи билинет. Түндүк-батыш жагында тереңдиги 1,5 мге жеткен атайын ка­зылган чуңкурлар бар. Алардын эмнеге кызмат кылганы белгисиз. Дубалдын түндүк ж-а түштүк сыртында аң казылган. Андан табылган кара­палардын сыныктары 1-шаар калдыгынан та­былган материалдарга окшош. 3-шаарча 2-ша­арчадан 12 км алыстыкта жайгашып, чарчы формадагы 2 бөлүктөн турат. Сырткы бөлүгү 45x45 м. Ички бөлүгү 25x25 м. Сырткы бөлү­гүндөгү маданий катмар 0,4 м, ички бөлүгүндөгү маданий катмар 0,6 м. Беш-Таш шаар калдыгынын бардык бөлүктөрүнөн карапа сыныктары табылган.