БЕШТАШ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 6 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-ТАШ ӨРӨӨНҮ Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында. Беш-Таш суусун бойлой Беш-Таш ашуусунан (3578 м бийиктикте) түндүк-чыгышты карай 54 кмге созулуп жатат. Таманы деңиз деңгээлинен 1250–3500 м бийиктикте жайгашкан. Баш жагы м-н ортоңку бөлүгү капчыгай сымал. Та­лас өрөөнүнө жакындаганда кеңейет да, түндүктү карай бурулат. Рельефи төмөн жагында адыр­луу. Адырлардын этегинде Талас суусун карай акырындык м-н эңкейиш тарткан түздүк жа­тат. Өрөөндүн көп бөлүгүнө орто бийиктиктеги тоолуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун акиташ ж-а доломит тектеринен түзүлгөн. Алар аскалуу тик беттерди түзөт. Баш жагында инт­рузия тектери да кездешет. Өрөөн аркылуу Беш­-Таш суусу агат. Деңиз деңгээлинен 3008 м бийиктикте Беш-Таш көлү жайгашкан. Андан төмөнүрөөктө чакан кооз көлдөр бар. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы –0...–8°С, июлдуку 20–21°С. Бийиктеген сайын климаты өзгөрөт; температурасы төмөндөп, жаан-чачын көбөйөт. Жылдык жаан-чачыны 300–800 мм. Беш-Таш өрөөнү ланд­шафтынын өтө ар түрдүүлүгү ж-а кооздугу м-н өзгөчөлөнөт. Анда кылкан-бетегелүү тоолуу кү­ңүрт-коңур топурактуу талаа зонасынан (1200– 2200 м) баштап, доңуз сырты, өлөң, түркүн чөп­түү альп шалбаалары, мөңгү, түбөлүк карга че­йинки ландшафт зоналары бар. 2000–2800 м бийиктикте көк карагай, карагай токойлору ке­зигет. Көк карагай Беш-Таш өрөөнүндө гана өсөт. Токой ара­сында четин, арча, кайың, жапайы алма, тал ж. б. бар. Өрөөндүн ооз тарабында Козучак, Бал­бал, Хивинка кыштактары жайгашкан. Өрөөн аркы­луу Беш-Таш ашуусуна, андан Кетмен-Төбө өрөө­нүнө автомобиль жолу өтөт.

Ы. Токторова.